УКМК 24.kg агенттигинин мүлкүн камактан чыгаруу өтүнүчүн канаттандырган жок

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгаруу боюнча өтүнүчтү четке какты. Бул тууралуу маалымат 24-январда басылманын сайтына жарыяланды.

Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын катында редакция жетекчилигинин өтүнүчү эмне себептен четке кагылганы жазылган эмес. Анда болгону бул иш боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылган.

Медианын сайтындагы маалыматка караганда, Оторбаева УКМКнын башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Эрлан Акынбековго жазган өтүнүч катында алардын кеңсеге кириши эмне себептен жана эмненин негизинде чектелгенин билбей жатканын белгилеген.

«Талаштуу макаланын эч кандай терс кесепеттери же резонанстар катталган жок. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында материалдык зыян келтирилген эмес», — деп айтылат катта.

Эске салсак, 15-январь күнү УКМКнын кызматкерлери 24.kg басылмасынын имаратында тинтүү жүргүзүп, басылманын техникаларын алып кетишкен. Ал эми 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редакторлору Махинур Ниязова, Антон Лымарь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрт сааттай сурак берип чыгышкан. Ниязова менен Оторбаева 17-январь күнү экинчи ирет суракка киришкен.

Кийинчерээк медиага карата «согушту пропагандалоо» деген 497-берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты