УКМК: 1 млрд. 782 млн. сомдук кен карьери мамлекетке кайтарылууда
- 2 года мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 196 гектар аянттагы өнөр жай жерлерин мамлекеттин балансына кайтаруу иштерин жүргүзүүдө.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кендин базар баасы 1 млрд. 782 млн. 656 миң сомду түзөт. Маалыматта бул кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн “Борду” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз иштетилгени айтылат.
Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




