Туруксуз аба-ырайы күтүлөт

  • 2 года мурун

Өлкөдө 26-27-декабрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

26-декабрда:

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт;

Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-декабрда:

Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт;

27-декабрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт;

Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт:

27-28-декабрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4-9°, күндүз 0-5°;

 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5-10°, күндүз 0-5°;

 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан +3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -4-9° суук, күндүз -1-6° суук болушу;

28-декабрда түнкүсүн жана 29-декабрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6-11°, күндүз 0-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20-25°, күндүз -5-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10-15°, күндүз -6-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26-31°, күндүз -10-15° суук болушу күтүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты