Турсунбай Бакир уулу Бишкектин Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кабарланды.

Ушуну менен кайра шайлоого катышууга ниетин билдиргендердин саны бешке жетти.

Буга чейин депутаттыкка талапкер болуу үчүн «Эл үмүтү» партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу, буга чейинки шайлоого катышкан Эртай Искаков, коомдук жана саясий ишмер Роман Ремнёв, «Жашылдар партиясынын» төрагасы Эркин Булекбаев арыз берген. Алардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты