Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштеринин 80%ы аяктады

  • 2 месяца мурун

Токтогул ГЭСин реконструкция жумуштарынын 80%ынан ашыгы аткарылып бүткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул иштер 5-мартта башталган.

Маалыматта айтылгандай, кайрадан калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыгында учурда № 1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери толук аяктаган. Ал эми монтаждоо иштеринин 81%ы бүткөн. Ушул тапта негизги жана көмөкчү жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

«Токтогул ГЭСнин № 1 гидроагрегатын жакынкы арада ийгиликтүү сыноодон өткөрүп ишке киргизип алсак, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25 — 30 жылга узарат. Күз — кыш мезгилине калкыбызды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, ГЭСтин кубаттуулугуна кошумча дагы 60 МВт кошулат»,-деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Сүрөт: minenergo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты