Токмокто 12 жаштагы кыз сабак учурунда сабалган

  • 3 недели мурун

Токмокто 12 жаштагы окуучу кыз классташы менен болгон чыр-чатактан улам ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Токмоктогу шаардык ооруканага №2 орто мектептин 6-классынын окуучусу жеткирилген. Ага «жабык баш сөөк-мээ травмасы» диагнозу коюлуп, биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө коё берилген. Окуучу кыз математика сабагы учурунда классташы тарабынан сабалганын айтып берген.

Аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты