Токмок шаарындагы кампадан өрт чыкты
- 2 года мурун
Бүгүн, 26-июлда Чүй облусунун Токмок шаарындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кампадан чыккан өрт саат 13:10до чектөөгө алынган. Болжолдуу өрттүн аянты 4 миң чарчы метрди түзөт. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү




