Тоң району: Жарандардын аракети менен 240 түтүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болду (Видео)

Ысык-Көл районунун Тоң районундагы Темир-Канат жана Туура-Суу айылдарындагы 240тан ашуун түтүн электр тармактарынын жаңыртылышынын негизинде туруктуу электр жарыгы менен камсыз болушту.

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен бул эки айылдын активдүү жарандары өз айылдарында кеңири маалымдоо иш-чараларын жүргүзүп, бардык кызыкдар тараптардан колдоо таап, жаңы электр мамыларын жана трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга каражат чогултушту.
 
Темир-Канат айылындагы жергиликтүү демилгелүү топ 2021-жылы түзүлгөн. Бул демилгелүү топ бир жылдын ичинде дээрлик 4 млн сом каржылык жана материалдык жардам чогулткан. Электр менен камсыздоону жакшыртууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, жергиликтүү райондук электр тармактарынын («Чыгыш электр» ААК) жана айыл тургундары өз салымдарын кошушту.
«Бизде катуу шамал болгондо светибиз тез өчүп калчу. Эми электр энергиясы бир кыйла жакшырып калды: наныбыз тез бышат, кир жуугуч машинелерибизде кирибиз жуулат, лампочкалар жарык күйөт, телевизор жакшы көрсөтөт» дейт Темир-Канаттагы демилгелүү топтун мүчөсү Мадина Дүйшөналиева. 
Туура-Суу айылында жергиликтүү активисттер фельдшердик-акушердик пункт менен мектеп жайгашкан конушта начар электр камсыздоо маселесин чечүү үчүн бирге иш алып барышты. Демилгелүү топ айыл тургундарынан жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунан акчалай жардам тартышкан. Ал эми ЖӨБ органдарын, жергиликтүү райондук электр тармактары (РЭС) жана USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору материалдык кошумча жардам көрсөтүштү. Жалпы чогултулган жардамдын баасы 1,5 млн сомго барабар болду. Көптөгөн айыл тургундары өз ыктыяры менен курулуш иштерине ашар катары катышып, жумушчуларды ысык тамак менен да камсыз кылышты. 
Темир-Канат жана Туура-Суу айыл тургундарынын сөзү боюнча эки айылда тең бирден гана эски трансформатор болгондуктан электр жарыгы тез-тез өчүп турчу. Мындан 50 жыл мурда орнотулган электр линиясынын мамылары жана зымдары мөөнөтүнөн эки эсе көп убакыт колдонулган экен.
 
USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору бул айылдардын тургундарынын демилгелерин жергиликтүү активисттерди окутуу жана юридикалык кеңеш берүү аркылуу колдоого алган. Мындан тышкары, долбоор электр мамыларын жана трансформатор үчүн жабдуулар менен камсыз кылуу менен өз салымын кошту.
 
«Бул эки айылдын электр энергия менен камсыздалуусунсун жакшыртуу – бул жигердүү жарандар менен жергиликтүү бийликтин кызматташуусу кандай өзгөрүүлөрдү алып келээрин көрсөткөн жакшы мисал. USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору аркылуу бул биргелешкен демилгелерди колдоо биз үчүн чоң сыймык» деди Тара Нил, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн демократиялык өнүгүү боюнча адиси.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты