ТИМ кыйраган учактан жабыр тарткан кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди
- 2 года мурун
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын Актау шаарында учактын кыйрашынан улам жабыр тарткан үч кыргыз жараны тууралуу маалымат берди.
ТИМдин маалыматында, Казакстандагы кыргыз элчилиги жабыр таркан кыргызстандык жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Ошондой эле элчилик Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жеринде иштеп жаткан акимчиликтин өкүлдөрү менен байланышта экендиги айтылды.
«Медициналык адистердин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 26-декабрына карата Кыргызстандын эки жаранынын эс-учу жайында, өмүрүнө коркунуч катталган жок»,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми үчүнчү жарандын абалы оор деп бааланып жаткандыгы белгилүү болду. ТИМдин маалыматына ылайык, Казакстандын, Азербайжандын жана Орусиянын дарыгерлери тарабынан өткөрүлгөн консультациянын негизинде аны өпкөнүн жасалма дем алдыруучу аппаратына которуу чечими кабыл алынган. Аталган жарандын абалы турукташкандан кийин ага операция жасоо мүмкүнчүлүгү каралары айтылды.
Ошондой эле, абалы туруктуу эки кыргыз жаранына Маңкыстау облусундагы кыргыз диаспорасы да жардам көрсөтүүгө активдүү катышып, дайыма байланышта экендиги белгилүү болду.
«28-декабрда жабыркаган жарандардын жакындары Кыргызстандан Казакстанга келери күтүлүүдө. Маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө болот»,- деп айтылды маалыматта.
Эске салсак, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран тең аман калды.
Сүрөт: интернет булактары




