Тигүү цехинин ээси жана үч чет элдик жаран башка чет элдиктерди камоого шектелип, кармалды

  • 2 года мурун

Бишкектеги тигүү цехтеринин биринин ээси жана эки чет элдик жаран физикалык зомбулук көрсөтүү менен чет элдик жарандарды эркине каршы кармап жүргөн деп шектелишүүдө. Бул тууралуу «Kaktus.media» Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1-августта 102 кызматына чет элдик жарандар Бишкекте өз эркине каршы кармалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан тигүү цехтеринин биринин ээси жана үч чет элдик жаран башка чет элдик жарандарга дене-боюна залал келтиришкенин, андан соң аларды бөлмөгө күчтөп камап салышкандыгын аныктаган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-Жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө кызматы 1967-жылы туулган Г.Р. аттуу кыргызстандык аялды, ошондой эле чет элдик 2000-жылы туулган Х.М.У. жана 2002-жылы туулган А.Э.ни кармашкан.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги жана тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Свердлов райондук ИИБнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты