Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциядан кармалды

  • 3 недели мурун

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциянын Ле-Бурже аэропортунан кармалганын  TF1 жана BFMTV жеке булактарына шилтеме берүү менен билдирди.  

39 жаштагы ишкердин жеке учагы Азербайжандан Францияга учуп келгенде кармалды. Аны менен бирге жансакчысы жана аял болгон, бирок алардын аты-жөнү айтылган жок.    

Павел Дуров издөөгө алынган адам катары аба-транспорт жандармериясы тарабынан кармалган. Кармоого ордерди Франциянын сот полициясы берген, анда “болжолдуу иликтөөгө байланыштуу” экени гана белгиленип, чоо-жайы ачыкталган эмес.     

TF1 маалыматы боюнча, Павел Дуровго Францияда террорчулук, алдамчылык, баңгизаты, акча адалдоо, уурдалган нерселерди сатуу жана балдарга каршы сексуалдуулук кылмыштарга байланыштуу айып тагылышы ыктымал.  

Ошондой эле Telegram каналындагы модерациянын жоктугу, бийлик менен иштешүүдөн баш тартуу жана башка амалдар, алсак, криптавалюта жана бир жолку номер менен иштешпөө шарттары да түрткү болушу мүмкүн деп болжолдонууда.  

Павел Дуров Францияда “персона нон грата” экенин билген, бирок эмне себептен ал жакка барганы белгисиз.  

2021-жылы Дуров Франциянын жарандыгын алгандыгы айтылат. Акыркы убактарда ал Араб Эмираттарында жашап жүргөн.  

Сүрөттө: Павел Дуров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты