«Тазалык» ишканасы Октябрь районун тейлей баштады

  • 11 месяцев мурун

«Тазалык» муниципалдык ишканасы 14-июндан баштап, Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын чыгарат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма с\з кызматы билдирди.  

Акыркы окуяларга байланыштуу муниципалдык менчикти өткөрүп берүү актысы боюнча комиссиялык негизде иш жүргүзүлүүдө. Тагыраагы контейнердик челектерди инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруудан тышкары контейнерлерди, аянтчаларды сырдап, жууп, оңдошот. Контейнерлер жайкы ачык жашыл өңдөргө боёлот.

Буга чейин Октябрь районун «БишкекВторресурс» жеке ишканасы тейлеп келген. Анын ишине көптөгөн нааразылыктар болгон.

Сүрөт: Бишкек мэриясынн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты