Талас облусундагы бийик чокуга “Бакай-Ата” аталышы ыйгарылды

  • 1 месяц мурун

Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталыш ыйгарылды.

Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты