Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлери берилгени аныкталды

  • 4 недели мурун

Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн айыл чарба багытындагы, трансформацияланбаган, жалпы аянты 95,9 га жер тилкесин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча 10-февралда Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. кармалып, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Учрда УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлери берилгени аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты