Таалайбек Кермалиев Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди

  • 12 месяцев мурун

Таалайбек Кермалиев Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 19га жетти.

Арыз менен кайрылгандар: Таалайбек Кермалиев Илимбек Аттокур уулуЖамалбек Ырсалиев, Ханзада Осмоналиева, Ыргал Кадыралиева, Мурат Эсенаманов, Нургуль Сооронбаева, Бакыт Шаршенбиев, Русланбек Тагаев, Жаныбек Абиров, Какчекеев, Сулайман Мамаев, Назарбек Нышанов, Куттубек Асылбеков, Турсунбай Бакир уулу, Роман Ремнев, Эркин Булекбаев, Аскар Алмаз уулу, Эртай Искаков.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү  10-августта аяктайт.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты