Түркиялык футболчу «бозкурт» ишараты үчүн оюндан четтетилиши мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Европа биргелешкен футбол ассоциациясы (UEFA) 2-июлда Түркия-Австрия беттешинде эки гол киргизген түркиялык Мерих Демиралга карата иликтөө баштады.

Анын себеби — Мерих Демирал 2-голун киргизгенден кийин Түркияда ашынган оңчул «Бозкурт» кыймылынын символикалык ишаратын көрсөткөн.

Бул тууралуу «Азаттык» The Sun басылмасына шилтеме жасап жазып чыкты.

«Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын беттешинде түрк тарап 2-1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Оюнда Демирал экинчи жолу гол киргизгенден кийин Түркиядагы «Бозкурт» кыймылы менен байланыштырылган «көк карышкыр» символун эки колу менен көрсөткөн» деп айтылат кабарда.

The Sun басылмасынын жазганына караганда, Мерих Демиралга чейрек финалга чыгууга тыюу салынышы мүмкүн. «Бул ишарат австриялык күйөрмандардын нааразычылыгын жаратты, анткени ал бул өлкөдө жана Францияда терроризмди колдоо актысы катары тыюу салынган. Ал эми Германияда ага тыюу салынган эмес» деп жазган The Sun.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты