Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери жолугушту

  • 2 недели мурун

8-октябрда Азербайжандын Шуша шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери жолугушту. Жолугушууда алар саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Биргелешкен декларация аталган тармактагы кызматташтыкты бекемдөөгө, анын ичинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүүгө, «Түрк фармакопеясын» жана органдарды трансплантациялоону координациялоо боюнча «TÜRKTRANSPLANT» долбоорун өнүктүрүүгө багытталган.

«Тараптар ошондой эле онкология, фармацевтикалык коопсуздук, медициналык туризм жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну бекемдөөнү макулдашты»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты