«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрөрүн эскертти
- 3 года мурун
«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте төрт миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт.
Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы бар 6 миң абоненттин электри өчүрүлөрү айтылган.
Кыргызстанда быйылкы кыш электр энергиясынын тартыштыгы шартында башталууда. Бишкекте үч фазалуу эсептегичтерге пломба коюлуп жатат.
Муну бөлүшүү