Төлөкан Исмаилова менен Бермет Бөрүбаева милицияга сурак берип чыгышты

  • 3 месяца мурун

Укук коргоочу. «Бир дүйнө-Кыргызстан» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова менен активист Бермет Бөрүбаева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыгышты.

Социалдык тармактарда милиция укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы, активист Бермет Бөрүбаеваны жана оператор Булат Сатаркуловду суракка алып кеткендиги тууралуу кабарланган.

Буга чейин Төлөкан Исмаилова Фейсбукта негативдүү маалымат тараткандыгы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыруу кагазын алгандыгын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармакта негативдүү реакция жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылат. Буга байланыштуу Tolekan Ismailova деген баракчанын ээсине карата ыкчам-териштирүү иштерин жүргүзүп, аны тергөөгө алып барары жазылган.

Төлөкан Исмаилова Фейсбукта жазган постторуна байланыштуу суракка алынган.

Төлөкан Исмаилова буга чейин Биринчи май райондук акимчилигине тынч жыйындарга  уруксат берүү талабын коюп, акция өткөрүүнү суранган. 10-мартта аларга уруксат берилбей турган билдирүү жиберилген.

Эколог- активист Бермет Бөрүбаева да сурак берип чыккан.

Оператор Булат Сатаркулов суракка киргизилбей эле кое берилгенин билдирген.

Сүрөттө: Төлөкан Исмаилова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты