Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондору боюнча шайлоо 28-февраль күнү өтөт. Маалыматка ылайык, эки мандат үчүн 53 талапкер ат салышып жатат. 

ПолитКлиника медиасы №29 Свердлов району боюнча шайлоого катышып жаткан талапкерлерди анализдеп көрдү. 

Бир мандат үчүн күрөшкөн 26 талапкер 

Свердлов району боюнча 28-январь күнү боло турган шайлоого жалпы 26 талапкер катталган. 

  1. Курманов Ильяс Зайнидинович-  саясий илимдердин кандидаты, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Зайнидин Курмановдун уулу болуп саналат. Эмгек жолунда бир канча илимий макала анын ичинде “Представительная власть кыргызов” аттуу китебин жазган.  Белгилей кетсек, Свердлов району боюнча ат салышып жаткан Ильяс Курмановдун атасы Зайнидин Курманов да саясат илимдеринин доктору жана профессор. Буга чейин 2000-жылы Жогорку Кеңешке “Менин өлкөм” партиясы менен депутат болуп шайланган. Ал эми 2007-жылы “Ак жол” партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып 2009-жылы Жогорку Кеңешке төрага болуп дайындалган. 
  1. Джоомартова Рыскан Абдиевна — актриса. 
Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Азыркы учурда “ЫРЫС” студиясынын жана “Октябрь” кинотеатрынын директору болуп саналат. Рыскан айым көптөгөн кыргыз фильмдеринде роль жараткан. 

  1. Босивская Кристина Валерьевна- журналист. Кристина Босивская журналисттик  карьерасында “Мир 24” НБТ, Пирамида, Europe Plus, Ош Пирим телеканалдарында иштеген. КРСУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу Буга чейин ал “Ата-Журт” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон.
  1. Хакимходжаев Зуфар Шавкатович- медицина илимдеринин кандидаты, врач-уролог. 
  1. Токмулин Рафаэл Мубаракович- врач онколог, терапевт. Азыркы учурда №12 үй-бүлөлүк медицина борборунда жалпы дарыгер болуп эмгектенет. 
  1. Исираилова Анара Усонбековна– ал тууралуу дээрлик маалымат жок, бирок ал буга чейин № 25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкерлигин койгон.
  1.  Строкова Евгения Григорьевна- СДПК партиясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакылышынын депутаты болгон. 
Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Евгения Строкова депутат болуп турганда бейөкмөт уюмдарга болгон контролду күчөтүү керектигин айткан. Мындан сырткары, депутаттарга “кошумча кийим” алып келүү сыяктуу адаттан тыш демилгелери менен да белгилүү болгон. 

Строкова бир жыл мурда шайлоого барбай турганын билдирсе да, кайра оюн өзгөрткөн. 

8.Султанбеков Муратбек Кенешбекович- тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Кээ бир ЖМКларда анын “ойлоп табуучу” экени айтылат. Муратбек Султанбеков “эң арзан электр менен жүрүүчү велосипед” ойлоп тапканын билдирген. 

9. Джумагазиева Нуржан Курманбековна- Кыргыз Улуттук университетинде окутуучу болуп иштейт. 

10.  Майрамбек уулу Калыс- «Бирге» жаштар кыймылынын координатору. I, II, III Көчмөндөр оюндарында ыктыярчы (2014, 2016, 2018 жж). III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ыктыярчыларды координациялоо боюнча уюштуруучулардын жардамчысы болгон.

 11.Салянова Аида Женишбековна- Экс-башкы прокурор. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. 

Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталып, беш жылга соттолгон. Анын кичинекей кызы бар экендигине байланыштуу, сот чечимин аткаруу 12 жылдан кийин болушу керек. Сот аны күнөөлүү деп тапкандан кийин Салянова ЖКнын депутаттык мандатынан ажыраган. Соттун жогорку инстанцияларына кайрылгандан майнап чыккан эмес.

Андан сырткары, мурунку баш прокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча да кылмышка шектүү катары каралып, эки жарым ай камакта отуруп чыкты. 

12. Алмаз уулу Аскар — “Биздин эл” партиясын жетектеп, Бишкек шаардык кеңешине депутат болуу үчүн шайлоого катышкан. Андан кийин 2021-жылдагы парламенттик шайлоого “Эл үмүтү” партиясы менен катышкан. Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы “Эл үмүтү” партиясынын биринчи айым Айгүл Жапарова менен байланышы бар экенин аныктап чыккан. Бирок, Айгүл Жапарова бул маалыматты четке каккан.  

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Аскар Алмаз уулу «Демилгелүү жаштар борборунун» негиздөөчүсү болуп саналат. 

13. Абышев Медер Болотович — тууралуу дээрлик маалымат жок. 

14. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович — Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Эмгек” партиясы менен ат салышкан. Мындан сырткары 2021-жылдагы шайлоодо Бабур Төлбаев жетектеген “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамы менен да шайлооого катышкан. Маалыматка ылайык, Эмиль Бейшенбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин аймактык өкүлү болуп саналат. 

15. Атазов Шайлообек Карыбекович — Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. 

Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Буга чейинки парламенттик шайлоодо Атазов Төлөйкөн округу боюнча ат салышып, атаандашы Нурбек Алимбековдон 1911 добушка артта калган. Ал Нурбек Алимбековду добуш сатып алууга айыптап сотко берген, бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

 Шайлообек Атазов март айында Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутаттык мандат алган. Ал 2015-жылдагы шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 25-орунда болгон жана «Улуттар Биримдигинин» квотасы менен кошулган. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоого массалык добуш сатып алууга шектелген “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамы менен катышкан. 

Мындан сырткары, Атазов коррупциялык аракеттерин моюнга алып, мамлекетке ири суммада айып төлөгөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындарын бардык жерде ачык колдоп-коргоп келет. 18-февралда, УКМК кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана коррупция беренелери менен мурдагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кармаган. 19-февралда, Матраимовдун колдоочулары “Эркиндик” паркында “Матраимовго боштондук!” деген ураан менен митинг уюштуруп, аны Шайлообек Атазов жетектеген. Ошондой эле, ал өлкөдөгү “коррупциянын символуна” айланган Райымбек Матраимовду “кризистик менеджер” деп атап, жогорку кызматка коюуну да сунуштаган. 

Белгилей кетсек, Атазов 2018-жылдан тартып бир тууган Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеген. Ал эми аталган клубдун директору Райымбек Матраимовдун тууганы Руслан Матраимов экенин Юстиция министрлигинин базасынан көрсөк болот. 

16. Карамушкина Ирина Юрьевна- буга чейин СДПК партиясынын курамы менен үч жолу 2007, 2010 жана 2015-жылдары депутат болуп иштеген. 

Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапташы. Билдирүүлөрүндө байма-бай Алмазбек Атамбаевди колдогон маалыматтар менен бөлүшүп турат. 

17. Жолдошова Назгуль Амантуровна- активист жана КР жаштар парламентинин жетекчиси. 

18.Алканова Элнура Сайдиракмановна — журналист. Көбүнчө мурдагы Бажынын төрагасы Райымбек Матраимовдун тарапташы катары белгилүү. 

Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Элнура Алканова журналист болуп иштеп жүргөндө “Клооп”, “Азаттык” жана “Бешинчи канал” сыяктуу ЖМКлар  менен кызматташкан. Кийинчерээк ал Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөөлөрдү да даярдап жүргөн. Бирок 2019-жылдан тартып “Азаттыктын” Матраимовдун Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетүүгө катыштыгы бар экени тууралуу иликтөөлөрүнө контриликтөө жасай баштаган. 

Өз позициясын билдиргенден кийин, 2020-жылы 4-октябрда өткөн жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын катарында барган. Аталган партияны коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштырып келишет.  

Ошондой эле Элнура Алканова Райымбек Матраимовду колдоо митингдерин уюштуруп жүргөнү менен да белгилүү. 

19. Болотбеков Бакытбек Болотбекович — юрист жана коомдук ишмер. 2016-жылдын июнь айынан азыркы учурга чейин “Мега ГРОН” юридикалык компаниясынын директору.

2016-жылдын сентябрынан бери — “Жаратман Эл” саясий партиясынын төрагасынын орун басары болуп саналат.

20.  Маматкулов Нурланбек Жолошович — бизнесмен. Ал, Ош шаарындагы “Weiss-Reeltors LTD” ЖЧКсынын негиздөөчүсү, ошондой эле турак-жай куруу менен алектенген “Азия Проект Групп” ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн.

21. Алмамбетова Гуля Идиновна- Бишкектин бир канча мэрлеринин кеңешчиси болуп иштеген. 

Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

Буга чейин Илим Карыпбеков жетекчилик кылган НДПК партиясынын курамы менен Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышкан. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы НДПК партиясын “добуш сатып алуу” жүйөсү менен шайлоодон четтеткен. 

22. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич — джиу-джитсу жана грэпплинг боюнча мушкер. Ал 2012-жылы Кыргыз Республикасынын джиу-джитсу боюнча Федерациясын негиздеген. 

Свердлов району боюнча талапкерлер: Райымбек Матраимовдун санаалаштары, спортчулар жана мурдагы депутаттар

23. Аспек уулу Азамат — буга чейин №25 Аламудун шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан. Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына да талапкерлигин койгон.

24. Саадабаев Бакыт Муратбекович — кесиби боюнча юрист. 2019-жылы “Айдаркен ртуть комбинатынын” акционердик коомунун мүчөсү болуп кирген

25. Бакиров Бакыт Жеентайович — тууралуу көп маалымат жок. Анын 2018-жылдан бери, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №20 муниципалдык аймактык башкармалыгынын Аксакалдар сотунун төрагасы экени маалымдалган.

26. Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич — буга чейин да шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон. Бирок, “шайлоо күрөөсү төлөнбөй калгандыктан” талапкер катары каттоодон баш тартылган. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи май округдарын 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо быйыл 27-февралга белгиленген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты