“Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонууну башка өлкөлөр эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары сунушташкан (Фактчекинг) 

22-октябрь күнү “aryba.kg” сайтында “Алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн Райым Матраимовдун тажрыйбасын пайдалануу максатында иштешүүгө демилгелер көтөрүлүп жатат” деген маалымат жарыяланган. Анда, азыркы учурда башкалар Матраимовдун “кризис менеджер” экенин билишкени жана анын профессионалдык тажрыйбаларын колдонуу керектиги белгиленген. 

“Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонууну башка өлкөлөр эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары сунушташкан (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Райымбек Матраимовдун чуусу жана иликтөөлөр

2019-жылы “Азаттык радиосу”, “Kloop” медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан.

Анда, 2015-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимов коррупциялык схеманы түзгөнү ачыкка чыгарылган. 

Иликтөөдө, көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген. Бул коррупцияга малынган схеманын аркасында Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат сыртка чыгарылып кеткен. 

Бул иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Андан кийин да иликтөөлөрдүн сериясы чыгарылып, Райым Матраимовдун миллиондогон долларлык мүлкү, жубайынын жана үй-бүлөсүнүн кирешелери тууралуу изилденген. 

Кийинчерээк, Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов айыптуу экенин өзү сотто мойнуна алган. Мамлекеттик чыгым катары баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп берип жазадан кутулган. 

Райымбек Матраимовго коюлган санкциялар 

Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөгө дүйнө коомчулугунун да назары бурулган. Алсак, АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген. 

“Магнитский акты”- коррупцияга аралашкан жана адам укуктарын олуттуу бузгандарга карата колдонулат. Ага ылайык, Райымбек Матраимовдун АКШдагы мүлктөрү тоңдурулуп, ал жакка кирүүгө тыюу салынган. 

Мындан сырткары, бир топ чет элдик медиаларда да Райымбек Матраимов тууралуу “коррупцияга аралашкан” деген кабарларды жарыялашкан. 

Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонууну сунуштагандар Жогорку Кеңештин депутаттары

 “Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын пайдалануу максатында бир топ жакынкы жана алыскы өлкөлөр долбоорлорду сунуштап жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, чет элдик официалдуу булактарда жана медиаларда бул туурасында маалымат жок.

Бирок, бул нерсени Жогорку Кеңештин депутаттары сунушташкан. 

Райымбек Матраимовго Министрлер Кабинетинен жогорку кызмат берүүнү депутат Бактыбек Райымкулов сунуштаган.  

Анын айтымында экс-бажычы мыкты жигит, аны каралагандар өлкөгө коркунуч алып келүүнү каалаган чыккынчылар болгон. 

Райымкуловдон кийин Матримовду коргоп депутат Шайлообек Атазов да чыккан.

Райымбек Матраимов деп жатасыңар, ага окшогон менеджерлерди алып келип коюш керек. Анын алдында отуруп койсо эмне болуп калыптыр? Кылмышкер болуп калыптырбы?”,- деп айткан Атазов. 

Белгилей кетсек, Бактыбек Райымкулов жана Шайлообек Атазов “Райымбек Матраимовду колдоо митингине” чыгышкан. Алар, Матраимовдун жакын санаалаштары экени айтылган. 

Ошондой эле дагы бир Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Матраимовдун Бажы кызматындагы кесипкөйлүгүн мактаган.

Абдалиев Матраимов жүк ташуунун ири тармагын түптөп, анын натыйжасындагы атамекендик өндүрүшчүлөр коңшу Казакстан менен атаандашууга шарт түзүлгөн деген аргументти айткан. Ал Матраимовдун схемасы бузулгандыктан, бизнес толугу менен Казакстанга өтүп кетти деп эсептеген.

Ошондой эле, ал 7-октябрда парламент жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Ибраевге «Уялбай эле Райымбек Матраимовго жардам сурап кайрылууну» сунуштаган. Абдалиев мындай кадам Кытайдан товарды алып келүү маселесин чечүүгө жардам бере алат деп билдирген.

Башкача айтканда, Райымбек Матраимовду жогорку кызматка сунуштап жаткандар жакынкы жана алыскы мамлекеттер эмес Жогорку Кеңештин  депутаттары. 

“Aryba.kg” журналисттик этиканы бузган (Медиасын)

Аталган материалда бир топ журналисттик этика бузулган. Алсак, өз оюн таңуулоо, алкоо жана далили жок сүйлөмдөр жазылган. 

“Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонууну башка өлкөлөр эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары сунушташкан (Фактчекинг) 

Кыргыз Ресупбликасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 10-беренесинде фактылар жана божомолдор бири-биринен даана айырмаланып турушу керектиги жазылган. 

“Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонууну башка өлкөлөр эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары сунушташкан (Фактчекинг) 

Бирок бул талап сакталган эмес. Мындан сырткары, журналист өзүнүн оюн таңуулоого жана манипуляциялоого жол берилбеши керек болгон талап да сакталган эмес. 

Жыйынтык: “Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонуу үчүн алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн сунуш түшүп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын кызматка келишин сунуштагандар Жогорку Кеңештин депутаттары. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты