Сузак: Тазабек Икрамовдун ордуна депутат болууга 13 киши арыз берди  

  • 4 недели мурун

19 -августта Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкер Асилбек Арапбаевден арыз түшкѳн. Ошону менен 19-августка карата арыз бергендердин саны 13 кишиге жетти.

Бул тууралуу БШК сайтында билдирди.

Арыз бергендер — Энназаров Санжарбек- «Дари строй» курулуш компаниясынын директору,  Эрматов Нурдин — облустар аралык жандандыруу борборунун директору, Максутов Манас- жеке ишкер,  Бегматов Бейшенбек — жеке ишкер, Сейдахматов Жыргалбек — Сузак районунун Багыш айыл кеңешинин төрагасы, Кылычбаев Алтынбек — «Жалал-Абад» санаториясынын директорунун орун басары, Кошалиев Мелисбек — жеке ишкер, Сапарбаев Медербек — жеке ишкер, Айдаров Ынакбек — Жапарбаев атындагы орто мектептин директору, Юлия Лилиенталь —  “Эгамберди Хаджы” фондунун директору, Гүлүйпа Карымшакова -маданият кызматкери, Нурсултан Абдуллаев — «КРСК» курулуш компаниясынын башкы директору, Асилбек Арапбаев — Багыш айыл өкмөтүнө караштуу «Багыш Достук» муниципалдык ишканасынын жетекчиси

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда аяктайт.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка  алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.

Сүрөттө: Арапбаев Асилбек. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты