Сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 5-июлда, таңкы саат 04:00дө издөө-куткаруу иштери улантылып, саат 7:00 чамасында эки баланын сөөгү  табылып, суудан чыгарылып ички иштер министрлигинин (ИИМ)  кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кечээ, 4-июль күнү саат 20:20 чамасында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Шибе айылындагы Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда эки бала — 2009-жылы туулган Б.А. жана анын иниси, 2017-жылы туулган Ө.А. сууга түшүп кеткен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди

Кырсык тууралуу билдирүү түшөөрү менен Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан райондук ички иштер (ИИБ) кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен бирге ыкчам издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн – 14 куткаруучу, Чоң-Алай райондук ИИБден – 20 кызматкер,жергиликтүү тургундардан 55 адам тартылган.

Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты