Султан Раев Европанын табигый илимдер академиясынын академиги болду

  • 2 месяца мурун

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султанбай Раев Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги болду.

Бул тууралуу аталган академиянын сайтына жарыяланды.

Европадагы табигый илимдер академиясы бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектаулдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирет. Штаб-борбору Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан. Уюмдун курамына дүйнөлүк маданият жана искусство өкүлдөрү, гуманитардык, так илимдерге, билим берүүгө жана маданиятка салым кошкон тарыхый инсандар кирет.

Султан Раевдин «Топон суу» романы Швециядагы эл аралык адабий сынакта баш байгени утуп алган. «Канышанын көз жашы» аттуу драмасы 2016-жылы Лондондогу The Spacе театрында ангис тилинде коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты