Маданият министрлиги ЭлТРдин «ПолитКлиниканын» сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты

  • 1 год мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын «ПолитКлиника» медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган. 

“Программа ишенимдүү ачык булактардан алынган фактылык маалыматтар менен камтылганын эске алуу менен министрлик келип түшкөн арызды Кыргыз Республикасынын “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин маалымдайт”, — деп айтылат министрликтин ЭлТРге берген жооп катында. 

Маданият министрлиги маалыматтын чын же калп экенин аныктоо боюнча ыйгарым укугу болбогондуктан арыздануучуга бул маселе боюнча сот органдарына кайрылууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, 4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген баштема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болду. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты