“Эко-такси долбоору: 10 электромобиль каттамда

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаардык мэрияся 1-октябрдан тартып эко-такси долбоорун ишке ашыруу башталганын билдирди. Анын биринчи айлампасында он электромобиль каттамга чыгарылган.

«Каттамдын схемасы Киев/ Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичи районго чейин. Белгиленген сары тилке менен эртең мененки саат 07:00-10:00, кечки 17:00-20:00 аралыгында жүрөт. Акысы- 50 сом. Такси заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өттү. Жакында htps://etaxi.kg/ сайтынан ар бир электромобилдин геолокациясын онлайн режиминде көрүүгө болот»деп жазылган маалыматта.

Өткөн айдын башында шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров жүргүнчүлөрдү коомдук транспортко көбүрөк түшүүгө кызыктырган система ишке киргизилип жатканын билдирген. Ага ылайык, автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачуу башталган. Ошондой эле айрым аялдамалардын орду өзгөрүп, жол боюна машина токтотууга болбосун белгилеген.

“Албетте көйгөйлөр болот, машиналардын тыгыны жаралат. Андыктан жүргүнчүлөр коомдук транспортко өтүшөт. Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм. Аялдамаларга такси, кичи автобустар токтоп, автобус менен троллейбуска орун жок болуп калууда. Өзүнчө тилке ачуу мына ушул маселени чечет. Бул ишти жарым жылда аягына чыгарабыз” деген Абдыкадыров.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган 1000 жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Азыркы тапта жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.

Азырынча Бишкекте жүргүнчү ташуучу негизги коомдук транспорт — жеке ишканаларга караштуу маршруттук кичи автобустар. Алардын жүргүнчүлөр үчүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу көптөн бери сын жаратып келет.

Соңку күндөрү шаардагы машиналардын тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты