#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

Акыркы убактарда интернет айдыңында Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларга карата “Батыштан каржыланат”, “Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлобойт” жана “Батыштык кожоюндарынын буйругу менен иш жасап жатышат” деген өңдүү каралоолор айтылып келет.

Мындай каралоолордун кээ бирлери фейк фабрикалар тарабынан жасалса, кээ бирлери мамлекеттик каналдардын журналисттери тарабынан да айтылып келет.

Мисалы, УТРКнын кызматкери Усубалы Каганат 1-июлдан 10-июлга чейин, он күн ичинде “Чекит Медиа” платформасынын курамына кирген жети медиа жана башка көз карандысыз ЖМКлар тууралуу он билдирүү жарыялаган. Алардын дээрлик бардыгы каралоочу маанайда болуп, “бузуку”, “батышчыл” деген өңдүү кастык тилиндеги сөздөр да колдонулган.

#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

Биз бүгүн #Детектор берүүсүнүн алкагында гранттар тууралуу жана дал сырттан каржылаган УТРКнын айрым программалары жөнүндө сөз кылабыз.

Гранттар жана бейөкмөт уюмдар

Грант — бул каржылык колдоонун бир түрү. Гранттар мамлекет, уюмдар же жеке адамдар тарабынан ар кандай иш-чараларды өнүктүрүү үчүн берилет.

Бейөкмөт уюмдар — мамлекеттик мекемелерден көз карандысыз жеке жактар же коомдук (коммерциялык эмес) бирикмелер тарабынан түзүлгөн уюм.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 33 миң 309 бейөкмөт уюм катталган

Алардын 6000ден ашууну коомдук фонддор, 8000ден ашууну коомдук бирикме. Каттоодон өткөн уюмдардын 500гө чамалуусу гана активдүү иш алып барат.

Кыргызстанга каржылык жана башка багыттарда жардам көрсөткөн эң чоң уюмдар катары БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAID), Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA), «Сорос-Кыргызстан» фонду, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Глобалдык фонд жана башка уюмдарды атоого болот.

Жогорудагы уюмдар Кыргызстандагы ыш көйгөйүнөн баштап, айыл чарбаны өнүктүрүүгө чейинки долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүп келишет.

Мисалы, ар тараптуу каралоого кабылып келген АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAİD) 1992-жылдан бери Кыргыз Республикасына 2,1 миллиард доллардан ашык гранттык жардам көрсөткөн. Анын ичинен 138 миллион доллардан ашыгы Саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга берилген.

Ошол эле “Кыргызстанды жок кылгысы келген АКШлык уюм” деген айып тагылган “Сорос-Кыргызстан” фонду 2022-жылы саламаттыкты сактоо тармагына 848 миң доллар, ал эми билим берүү тармагына 379 миң доллардан ашуун каражат бөлгөн.

Мындан сырткары, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) Кыргызстандагы студенттерге стипендия берүүдөн баштап, мектептерге техникалык жабдуу сатып берүүгө чейинки бир топ тармактарда активдүү иш алып барышат.

Бирок көпчүлүк учурда “бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланат” деп бир гана медиаларга сын тагылып келет.

Медиаларга бөлүнгөн каражат жана каралоо

Чынында, АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAİD), “Сорос-Кыргызстан”, NED сыяктуу уюмдар саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишкерлерди колдоо сыяктуу эле ЖМКларды колдой турган долбоорлору да бар.

Мындай долбоорлордун максаты “демократиялык баалуулуктарды сактоо жана эркиндикти чыңдоого” багыттала турганы белгиленет. ЖМКлардын ишмердүүлүгүн колдоого багытталган конкурстар ачык өткөрүлүп, бөлүнө турган бюджеттин суммасы жана талаптары ачык жазылат. Мындай конкурстарды аталган уюмдардын сайтынан оңой эле табууга болот.

#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт
#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

Мындай гранттарга Кыргызстанда жайгашып, демократиялык баалуулуктарды сактаган жана эркиндикти колдогон медиалардын баарынын катышууга укугу бар. Конкурстар көбүнчө үч этаптан өтүп, эң акырында жеңүүчүлөрдүн аттары дагы ачык жарыяланат.

Башкача айтканда, ЖМКларга бөлүнгөн гранттар сырдуу же жашыруун долбоорлор эмес.

Мындан сырткары, мамкелетке караштуу Улуттук телерадио корпорациянын журналисти белгилегендей, гранттардын эсебинен каржыланган медиалардын максаты “Кыргызстанды жамандоо” же “өлкөнү дестабилизация кылып жок кылууга” багытталган эмес.

Кош стандарттуулук: УТРКнын Батыштан каржыланган долбоорлору

2022-жылы декабрь айында “ПолитКлиника” медиасы “Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот” аталышындагы дата материалын жарыялаган. Анда 2020-жылы УТРКга мамлекеттик бюджеттен 371 миллион сомдон ашык акча коротулган.

Бирок бул УТРКнын жалгыз киреше булагы эмес.

Телеканалдын кээ бир кызматкерлери Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды “Батыштан каржыланат” деп айыптап келишкени менен, аталган телеканалдардын да кээ бир программалары гранттардын жана Батыш өлкөлөрүнүн эсебинен каржыланат.

Мисал катары УТРКнын эл аралык ЖМКлар менен болгон эфирдик келишимдерин алсак болот.

2018-жылы УТРК жылдык отчетун жарыялаган. Анда корпорацияга түшкөн акчалар жана телеканалдын программалары тууралуу маалымат берилген. Отчётто УТРК чет өлкөлүк ЖМКлар менен, анын ичинде Би-Би-Си Кыргызстан, Кытайдын CGTN (China Global Television Network), Германиянын Deutsche Welle сыяктуу бир катар ЖМКларынын берүүлөрүн трансляция кыла турганы белгиленген.

#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

УТРКнын жылдык отчетунда чет өлкөлүк ЖМКлардын берүүлөрүнүн трансляциясы үчүн канча акча түшө турганы көрсөтүлгөн эмес жана корпорациянын жалпы бюджетине кошулган эмес. Корпорациянын түшүндүрмөсүндө эл аралык келишимдер боюнча эфирдик убакыт үчүн алынган каражат Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык, республикалык бюджеттин кирешесине киргендиктен таблицага кошулбаганы айтылат.

Эл аралык ЖМКлардын УТРКдагы эфирдик убактылары үчүн канча акча сарптай турганы так белгисиз. Бирок отчетто до айтылгандай бул ЖМКлардын бардыгы эфир үчүн белгилүү бир сумма берип турушкан.

УТРКнын 2020-жылы жарыяланган эң акыркы отчетунда да канал кызматташкан эл аралык ЖМКлар жана агенттиктер тууралуу сөз болот.

Ага ылайык, Американын Кыргызстандагы элчилиги (U.S Embassy) телеканалдын 148 кызматкерине англис тилин окутуу боюнча бекер курстарды уюштурган.

#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

Ал эми Германиянын Deutsche Welle медиасы жума сайын эфирден кеткен илимий жана билим берүүгө багытталган “Tomorrow Today” аттуу программасын бере турганы айтылган.

Мындан сырткары, УТРКнын жылдык отчётунда “Revive”, “Track” долбоорлору менен белгилүү болгон “Интерньюс Кыргызстан” уюмунун да телеканалга берген колдоосу тууралуу сөз болот.

#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

Белгилүү болгондой, “Интерньюс Кыргызстан” уюму УТРКнын “Баластан” каналына 61 миң доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөткөн.

Белгилей кетсек, УТРКнын айрым журналисттери “бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланган медиалар”, “бузуку” деген өңдүү айыптоолорунда “Интерньюс Кыргызстан” уюмун да белгилеп жүрүшөт.

#Детектор: УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрүнүн гранттарына ишке ашырылат, бирок бул дээрлик айтылбайт

“Интерньюс” Кыргызстандагы мамлекеттик дагы, көз карандысыз медиаларга дагы колдоо көрсөтөт. Ал коммерциялык эмес уюм катары 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт жана штаб-квартирасы АКШнын Калифорния штатындагы Арката шаарында жайгашкан.

Мындан сырткары, 2021-жылга чейин АКШнын Улуттук демократиялык институту (NDI) УТРКда уюштурулган шайлоо дебаттарын өткөрүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүп келген.

Башкача айтканда, УТРКнын кээ бир программалары Батыш өлкөлөрү, Кытай, Орусия сыяктуу мамлекеттер тарабынан каржыланып келет.

Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларга карата негативдүү маанайды күчөтүү аракети

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы көз карандысыз медиаларга жана журналисттерге карата каралоочу маанайда колдонулган “батышчыл”, “бузуку” терминдерин анализдеп чыккан.

Белгилүү болгондой, аталган терминдер социалдык тармактарда 2019-жылы “Азаттык” радиосу, Kloop медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасын ашкерелеген иликтөөсүнөн кийин активдүү пайда боло баштаган. Райымбек Матраимовдун тарапташтары  “Азаттык” радиосу жана Kloop медиасын “Батыштан каржыланат жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобойт” деп айыпташкан. Кийинчерээк Райымбек Матраимовдун тарапташтары Фейсбукта “Райымбек Матраимовду колдоо” топторун негиздешип, 2021-жылы дал ушул тайпанын активдүү өкүлдөрү 2021-жылы “Азаттык медиа жабылсын” деген аталыштагы топту да түзүшкөн.  Анда “Азаттык эл душманы”, “ЛГБТнын колдоочулары” деген өңдүү терс пикирлер байма-бай бөлүшүлө баштаган.

Мындан сырткары, дал ушул убактарда бейөкмөт уюмдарга карата да системалуу каралоо күч алган.

Көз карандысыз медиаларга жана Бейөкмөт уюмдарга карата каралоолордо көбүнчө манипуляциянын:

— “Негативдүү образ түзүү”(душман жаратуу)

— “Ярлык илүү”

-“Жек көрүүгө үндөө” сыяктуу көптөгөн түрлөрү колдонулат.

Жыйынтык: УТРКнын кээ бир кызматкерлери  “Чеки Медианын” курамына кирген жети медиа жана башка көз карандысыз ЖМКларды “Батыштан каржыланууга” айыптап келишет. Бирок Батыш өлкөлөрү финансылык колдоо көрсөткөн программалары тууралуу сөз козгошпой турганы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты