Элчилик: USAID Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүгө жардам берет

  • 2 года мурун

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүн чечүүгө жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев USAID`дин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолуккан.

Жолугушууда элчи Кыргызстандын өзгөчө жардамга муктаж болгон тармактары тууралуу маалымат берип, АКШ өкмөтү тарабынан бериле турган жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана Бишкек шаарындагы абаны жакшыртууга буруу зарылдыгын белгилеген.

Анжали Каур өткөн айда АКШ бийлиги Баткен элине 8 млн сомдук гуманитардык жардам жеткиргенин билдирген. Ошондой эле АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, борбор калаанын абасын тазалоого жардам берилерин маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты