Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

  • 2 года мурун

Кыргызстанда беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 4-апрелде Арабаев атындагы мамлекеттик университетте ректорлор менен болгон кеңешмеде билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.  

“Өзгөчө статуска ээ болгон жогорку окуу жайлары 5 жылда Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек. Өзгөчө статустагы университеттерге экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик берилет.

Ошондой эле алар стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.  

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты