Соту жүрүп жаткан эки жаран кайрадан алдамчылыкка шектелип кармалышты

  • 2 месяца мурун

Алдамчылык кылмышы боюнча соту жүрүп жаткан эки жаран бөтөн бирөөлөрдүн Сокулук районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатты деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жаран кайрылып, К.А. аттуу жаран жана «К» деп аталган эркек киши Сокулуктун Военно-Антоновка айылында жайгашкан бөтөн бирөөлөрдүн 6 жер тилкесин ар бирин 5500 АКШ долларга алдоо жолу менен сатып жибергенин айтып, аларга чара көрүүнү өтүнгөн. Натыйжада 33 миң АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталган.

Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында шектүү катары 1972-жылы туулган К.К. жана 1987-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле кылмышка шектүү К.К. жана К.А. жарандардын Сокулук райондук сотунда ушул эле кылмыштын негизинде чет жакка чыкпоо тилкаты менен соту каралып жаткандыгы, ал эми К.К. мурда соттолгону белгилүү болгон.

Азыркы учурда тергөө иштери уланып, шектүүлөрдүн дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасап жасабагандыгы иликтенип жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты