Сот Болот Темиров менен Махабат Тажыбек кызынын баласын камкордукка алууну тапшырды

Соттун чечиминен кийин “Темиров лайв” жана “Айт  айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын адвокаты Улан Сейитбеков чыгарылган өкүмгө комментарий берди жана Тажыбек кызынын баласы кимге берилери тууралуу айтты.      

Махабат Тажыбек кызынын жактоочусу Улан Сейитбеков сот эч кандай далилдерди келтирбегенин билдирди.  

-Бүгүнкү соттун чечимин биз негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз. Албетте, сөзсүз түрдө апелляциялык арыз беребиз. Соттун жүрүшүндө эч кандай далилдерди келтиришкен жок. -Конституцияда норма бар, эгер айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган күндө да, тергөө органдары аны мыйзам чегинде далилдеш керек. Махабат Тажыбек кызы боюнча сотто эч кандай далилдерди келтиришкен жок, -деди адвокат.

Адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажыбек кызына чыккан өкүмдөн кийин соттон анын баласы эмне болору тууралуу тактаганын айтты.   

-Махабат Тажыбек кызынын баласы боюнча, өкүмдү окуп бүткөндөн кийин соттон тактадым, ал айтты, атасы чет өлкөдө, апасы камакта болуп жатат, мыйзам боюнча карай турган адам, жакын туугандары жок болсо, анда балдар үйүнө өткөрүп берет. Бирок туугандары бар. Сот  өкүмү күчүнө киргенден кийин, туугандарына берилет да, -деди адвокат. 

Махабат Тажыбек кызы — иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Болот Темиров Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.  

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты