Сокулук районундагы 400 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылындагы балдар бакчасы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басм сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы №38 чечими менен «Победа» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизингде 2 кабаттуу типтүү бала бакчанын имараты (пайдалуу аянты 983 кв.м.) Ж.С. аттуу жарандын менчигине бекитилген. Ошол эле учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-мартындагы №18 токтому менен бала бакчанын имаратынын жанындагы 5096,0 кв.м. жер аянты аталган жеке тарапка дайындалган.

Аталган социалдык объектини менчиктештирүү иштери мыйзам ченемдерин бузуу менен ишке ашырылгандыгы аныкталган.

2025-жылдын 9-июнунда аталган социалдык объектинин ээси Ж.С. өзүнүн бул мүлккө ээлик кылуудагы мыйзамсыздыктарды түшүнүп, өз ыктыяры менен жогоруда аталган социалдык объектини мамлекеттин балансына кайтарып берди.

Учурда бул социалдык объект иштебей турган. Бала бакчаны анын функционалдык максатына ылайык иштетүү маселеси каралып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты