Сокулук районунда кытайлык жаран эндик тамырын мыйзамсыз жыйнаганы аныкталды
- 4 недели мурун
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын штаттан тышкаркы инспекторлорунун маалыматына ылайык, Сокулук районунун Төрт-Күл айыл аймагында өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо багытында биргелешкен иш-чара өткөрүлдү. Анда Кыргызстанда жашаган кытайлык жаран эндик тамырын мыйзамсыз жынаганы аныкталды.
Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Төрткүл айыл аймагынын Почта көчөсүндөгү №77 үйдөн мораторийге кирген эндик өсүмдүгүнүн (макротомия) мыйзамсыз жыйналган тамыры табылды. Чөптөн жалпы салмагы 1425 килограммды түзгөн.
Эндик чөп — убактылуу мораторий киргизилген өсүмдүк болуп эсептелет, анын жыйналышы мыйзам менен чектелген.
Аталган чөп тамыры ошол үйдө жашаган жаранга таандык экени белгилүү болду. Ал Кытай жараны, акыркы 10 жыл Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жүргөн.
Табылган чөптүн тамыры тиешелүү тартипте Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Иш-чара жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыктын кызматкерлери, испекторлор жана УКМК кызматкерлери менен бирге өткөрүлдү.

Сүрөттөр: mnr.gov.kg




