Согуш башталгандан бери 744 кыргызстандык Украинадан чыгарылып, 556сы Бишкекке жеткирилди

  • 2 года мурун
Согуш башталгандан бери 744 кыргызстандык Украинадан чыгарылып, 556сы Бишкекке жеткирилди

Согуш башталгандан бери Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын ичинен 556 жаран Бишкекке жеткирилген.

Бул тууралуу 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл жарым жылда тышкы иштер министрлигинин элчиликтери менен консулдук кызматтары кыргызстандыктарга 80 миңден ашуун паспорт берүү, маалымкат, тилкат берүү жана башка бир топ кызматтарды көрсөткөн.

Жыйында ТИМ быйылкы Январь окуясында Казакстандан 300дөн ашуун кыргызстандыкты алып чыкканы кабарланды. Алардын көпчүлүгү Алматы жана Чымкент шаарларында болгон.

2022-жылдын 1-январынан 20-июнга чейинки аралыкта чет мамлекеттерде каза болгон Кыргызстандын 292 жаранынын сөөгү Бишкек жана Ош шаарларына жеткирилген. Бул үчүн республикалык бюджеттен 27,7 млн. сом төлөнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты