Социалдык тармакта бийликти сындаган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алынды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 15-августта, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерибиз деген кишилер Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап жүргөн Мирланбек Маратбек уулунун Бишкектеги үйүн тинтүүгө алды.

Үйүн тинтип жаткан учурду Мирланбек Маратбек уулу Фейсбук баракчасында түз эфирде чагылдырды.

Өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү деп тааныштырган адамдар үйдү тинтүү тууралуу шаардык соттун токтомун көрсөттү. Анда “Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик материалдарды жайылткан” деп шек саналып жатканы жазылганын көрүүгө болот.

Мирланбек Маратбек уулу Каракол шаарында жашабай турганын, эмнеге токтом ал жактын шаардык соту тарабынан чыгарылганын сурап, Бишкек шаарында жашаарын билдирди. Мыйзамсыз, жашыруун эч нерсе жасабаганын да кошумчалады. Тергөөчүлөр иштин башы Каракол шаарынан аныкталганын айтты.  

Тергөөчүлөр анын тинтүүнү үйдүн сыртынан баштап, андан кийин ичин тинтип киришти.   

Милиция бул иш тууралуу расмий маалымат бере элек.

Сүрөттө: Мирланбек Маратбек уулу. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты