«Силерди урушуп, башка чаап иштетиш керекпи?» Камчыбек Ташиев жол куруучуларды шаштырды
- 4 дня мурун
Бүгүн, 12-ноябрда Министрдер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко кире бериштеги альтернативалык жолду тезинен бүтүрүүнү транспорт министрлигинен талап кылды.
Андагы текшерүүнүн видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
«Бүгүн 12-ноябрь болду, жол дагы эле даяр эмес. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Эми 12-декабрды күтүп жатасызбы, же 12-январды күтүп жатасызбы? Кыш түшкөндө кыласызбы? Бүтүргүлө, жасагыла да. Бир аптанын ичинде жасабасаңар, кар түшөт, асфальт төшөгөнгө болбой калат. Синоптиктер 13-14ү аба ырайы өзгөрүлөт деп жатат. А силер чоюп отурасыңар” деди Камчыбек Ташиев.
Анан өзүнүн жардамчысына кайрылып “Транспорт министрлигин контролго койгулачы. Силер иштеш үчүн ушинтип урушуп, башыңарга жанчып туруп иштетиш керекпи? Өзүңөрдүн жумушуңарды өзүңөр иштей бербейсиңерби” деди Ташиев.
Сүрөт: Видеодон алынды