Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-сентябрда күндүн экинчи жарымында жана 9-сентябрдан 10-сентябрга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жер-жерлерде жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет.
“Кырсык катталганда “112” номерине чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта” деп билдирди ӨКМ.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




