Шайлоочулардын 15,39 пайызы добуш берди

  • 2 года мурун

Саат 16.00гө карата № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө 33 812 шайлоочу келди же шайлоочулардын жалпы санынын 15,39%ы.

— № 27 Биринчи май шайлоо округу – 12 610 шайлоочу же 11,15%;

— № 29 Свердлов шайлоо округу – 21 202 шайлоочу же 19,90 %.

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо  өтүп жатат.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Сүрөт: ПолитКлиника/Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты