Шайлоо-2021: Бюллетендердин 22%ы колго эсептелип бүттү

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо окургу боюнча бююлетендердин 22% эсептелип бүттү. Маалымат 30-ноябрь саат 13:00го карата алынды.

БШК Маалыматтык шайлоо системасындагы маалыматка ылайык, 2 494 шайлоо тилкесинен 549 бюллетень эсептелди.

Кол менен саноонун учурдагы жыйынтыгына ылайык төмөндөгү партиялар 5 пайыздык ченемден өттү:

«Ынтымак» партиясы 13,52%;

«Ата-Журт Кыргызстан» 12,72%;

«Ишеним» 11,31%;

«Ыйман Нуру» 7,41%;

«Эл үмүтү» 7,21%;

«Альянс» 6,21%.

«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана элге жарыяланды, алар шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп саналарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты