Шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук түтүктөргө сыноо жүргүзүлөт
- 4 недели мурун
Бүгүн, 2025-жылдын 22-майында, саат 10:00дөн тартып «Бишкек жылуулуук тармагы» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жылуулук тармактарын тыгыздыкка текшерүү иштерин жүргүзөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бул иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө түтүктөрдүн жарылуусу, жол катмарынын урашына алып келүүчү көрүнүштөр, жылуулук тармактары төшөлгөн аймактарда суу каптоолор болушу мүмкүн. Жукеев-Пудовкин, Кулатов, Фатьянов, Минин, Медеров, Табалдиев, Шота Руставели, Абая, Ахунбаев, Матросов, 7-Апрель, Саманчин, Масалиев, Суеркулов, С.Каралаев, Шопен, А.Токомбаев, Нуркамал.
Бишкек шаарында профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлгөн.
Сүрөт: Бишкек мэриясы