Селекция айылында митингге катышкандардын дагы экөө камалды

  • 10 месяцев мурун

Сокулук районунда митингге катышкандардын дагы экөө – Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов эки айга камалды. Бул тууралуу чечимди Сокулук райондук соту 17-июлда кабыл алды.   

17-июлда ошондой эое блогер Эртай Исаковдун бөгөт чарасы Сокулук райондук соту тарабынан каралып, эки айга абакта калтырылды. Соттун чечимине ылайык, Исаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.

14-июлда саат 20:30да Сокулук районуна караштуу Селекция айылында “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду 100 дөн ашык адам тосуп, автоунаалар өтө албай калган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15- июлда түнкү саат 02:00 де ачылып, чогулган эл тараган.

15-июлда Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер Эртай Исаков жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран кармалган.

Суу көйгөйү Сокулук районундагы Селекция айылындагыларды кыйнап келет. Суунун айынан тургундар жолду жабууга аргасыз болушкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты