Эртай Исаков 2 айга камалды

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 17-июлда блогер Эртай Исаковдун бөгөт чарасы Сокулук райондук соту тарабынан каралып, эки айга абакта калтырылды. Соттун чечимине ылайык, Исаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.

Эске салсак, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районуна караштуу Селекция айылында “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду 100 дөн ашык адам тосуп алып, автоунаалар өтө албай калган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15- июлда түнкү саат 02:00 де ачылып, чогулган эл тараган.

15-июлда Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер Эртай Исаков жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран кармалган.

Эртай Исаков 2 айга камалды
Эртай Исаков

“Селекция айылынын “Сары-Өзөн” аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн Вотсап группа аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен. Ал Вотсапка ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды” деп Чүй облустук ички башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат берген.

Суу көйгөйү Сокулук районундагы Селекция айылындагыларды кыйнап келет. Суунун айынан тургундар жолду жабууга аргасыз болушкан.

Эртай Исаков 28-майда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого катышып, шайлоочулардын 7.56% добуш алган. Эртай Исаков ал округдагы кайта шайлоого да арыз берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты