Селден жабыркаган Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды
- 1 неделя мурун
27-сентябрда Министрлер Кабинетинин жыйынында 2024-жылдын август айында селден жапа чеккен Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды.
Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган.
Токтом долбоору президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыкты.
Темир айылынын тургундарын кайсы жакка көчүрүү каралганы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
19-августта Ысык-Көл районунун Темир айылында болжол менен 100дөн ашуун үйдүн короо жайларын каптаган.
Сүрөт: сел учурунда. ӨКМ
Муну бөлүшүү