Санкт-Петербургда кыргызстандык балабагуучунун көзөмөлүндөгү ымыркай чарчап калган
- 1 неделя мурун
Санкт-Петербургда кыргызстандык бала багуучунун көзөмөлүндө ымыркай чарчап калгандыгы тууралуу ЖМКда жарыяланган маалымат боюнча тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
ЖМКда жарыяланган «Санкт-Петербургда кыргызстандык бала багуучунун көзөмөлүндө ымыркай чарчап калды» деген маалыматка байланыштуу министрлик Кыргыз Республикасынын жараны Т.Д., өзүнүн таанышы болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын төрт айлык баласын убактылуу карап жүргөндүгүн маалымдайт.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, чарчап калган ымыркайдын дем алуу жолдоруна байланышкан дарты болгон, бирок бул факты энеси тарабынан жашырылып келген. Учурда Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугунун көзөмөлүндө» деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан