Салык кызматынын жамааты Баткен тургундарына жардам которот

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын жана аймактык салык органдарынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которушат.

Каражат Баткен облусунун тургундарына жардам берүү үчүн Министрлер кабинети тарабынан ачылган бирдиктүү атайын эсепке которулат.

17-сентябрь саат 12 ге карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы –ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты