«Сахарово» борборунун үч кызматкери камакка алынды

  • 2 недели мурун

Москвада сот чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайдагы үч кызматкерди- Абдулгапиз Мустапаев, Рудик Текнежян жана Ольга Адкинаны эки айга камакка алды.

Алар кызмат абалынан пайдаланып, алдамчылыкка барган деп айыпталууда. Бул тууралуу Москванын жалпы юрисдикцияды сотторунун басма сөз кызматы билдирди.

Бир нече күн мурун “Сахароводогу” убактылуу кармоочу жайда тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Мустапаев, Текнежян жана Адакина 30 миң рублга ал жактагы мигранттарды тез арада бошотулушуна көмөк көрсөтүүгө убада беришип, 5 миң рублга туугандары менен жолуктурууну сунушташкан.

“112” каналынын маалыматы боюнча, айыпталуучулардын борбордун сыртында мигранттарга мындай кызматты сунуштаган өз адамдары болгон. Алар алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин көптөгөн мигранттар, анын ичинде кыргызстандыктар «Сахароводо» кыйноого, мазактоого дуушар болгонун айтышкан. Алтургай борбордун кызматкерлери кармалгандарды уруп-сабаган да учурлар болгону кабарланып келет.

Андан тышкары «Сахароводо» мигранттарды Украинадагы согушка азгырышары айтылып жүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты