Саха Республикасынын башчысы Кыргызстанга келди

  • 2 недели мурун

Саха Республикасынын (орус. Якутия) башчысы Айсен Николаев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алган.

«Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуусу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышына катышуусу пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.

Саха Республикасы (Якутия) — Орусиянын аймагы боюнча эң ири субъектиси жана экономикалык, маданий жана жаратылыш жагынан эң маанилүү аймактардын бири. Саха Республикасында көптөгөн кыргызстандык мигранттар жашап, иштешет.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты