Садыр Жапаровдун бейөкмөт уюмдар жөнүндө айткандары чындыкка дал келбейт (Фактчекинг) 

2-апрелде президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган документти өлкө башчы Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, пост жазды. 

Анда ал коммерциялык эмес уюмдардын буга чейинки ишмердүүлүгүнө токтолуп, каттоодон өтпөй, алган акчасын каалагандай жумшап келишкен деп, мындан ары уюмдардын иштери мыйзамдуу жол менен, ачык жүргүзүлөрүн айткан. 

“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт”, — деп жазган президент.

“ПолитКлиника” медиасы Садыр Жапаровдун коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө жазгандарын текшерип көрдү. 

Банктан юридикалык тараптын эсебин ачтыруу жолдору кандай? 

Кыргызстанда Улуттук банктын “Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоосу бар. Ага ылайык, өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык тараптар банктык эсеп ачуу үчүн банк тарабынан талап кылынган документтердин тизмесин берүүсү шарт. Бул маалыматтар берилбеген учурда юридикалык тарапка банктык эсеп ачылбайт. Тизме нускоонун 43 жана 44-пунктарында көрсөтүлгөн. 

Эсеп ачууга берилүүчү өтүнүн катта, юридикалык тараптын толук аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө расмий маалымат, салык төлөөчүнү идентификациялоо номери, «Жалпы республикалык ишканалар жана уюмдар классификаторуна» ылайык төлөөчүнүн коду, жайгашкан жери, почта дареги, байланышуу үчүн телефондор жана факс номерлери, ишкердик түрү, банк менен ишкердикти жүргүзүү максаты жана болжолдуу багыты, банктын талабы боюнча башка маалыматтар камтылышы керек. 

Демек, президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдар тууралуу каттоодон өтпөй, банктан эсеп ачтырышат деген сөзү чындыкка дал келбейт. Анткени, Улуттук банктын талаптары боюнча, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн тараптар банктан эсеп ачтыра алышпайт. Ошондой эле, юридикалык тараптар милдеттүү түрдө салык кызматынан дагы каттоодон өтүп, отчет бериши керек.

Коммерциялык эмес уюмдар кандай отчетторду берип келишет? 

Бейөкмөт уюмдар Салык кызматына, Социалдык фондго жана статистикалык органдарга отчетторду Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн жоболорго ылайык тапшырып келишет. 

  1. Статистикалык органдарга “Эмгек боюнча” айлык отчет ар айдын 10уна чейин жана жылдык отчет жаңырган жылдын 16-январына чейин тапшырылат. Ошондой эле, каржы булагы жана аны колдонуу, техникалар боюнча отчет ушул эле органдарга берилет. 
  1. Салык кызматына бирдиктүү салык декларациясы (бардык кирешелер жана чыгашалардын тиркемелери менен); киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет, мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасы, транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасы, таштанды чыгаруу үчүн жыйым, бирдиктүү салык боюнча отчет, орто ишкердик субъектинин сатуудан алынуучу салык боюнча отчету тапшырылат.
  1. Бухгалтердик отчетко баланс (финансылык абал жөнүндө отчет), кирешелер жөнүндө отчет, акча каражаттарынын агымы жөнүндө отчет жана капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет кирет.

Кыргызстанда буга чейин 1999-жылы кабыл алынып, андан кийин 4 жолу редакциядан өткөн “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы иштеп келген. Анда уюмдардын ишмердүүлүгүнун тартиби, жол-жоболору көрсөтүлгөн. Аталган мыйзамдын 17-беренесине ылайык, коммерциялык уюмдардын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек.

Ар бир уюм мүлкүнүн өлчөмү жана курамы тууралуу маалыматты өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдарга бериши керек. Бул маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албай турганы, уюмдун каржы булактары, киреше, чыгым, мүлктөрү тууралуу жалпы отчет ар жылдын 1-апрелине чейин салык кызматынын сайтына жайгаштырылышы керектиги жазылган. Отчетторду берүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт. 

“Ар бириңиз чет өлкөлүк өкүл болуп калышыңыз мүмкүн”

2014-жылы депутат Надира Нарматова тарабынан демилгеленип, ошондон бери бир катар талаш-тартыштарга жол ачкан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору, ушул жылдын 14-мартында Жогорку Кеңеште жактырылды. Аталган мыйзам коомчулукта “чет элдик өкүл” атка конгон. 

10 жылдан бери бир нече жолу артка кайтарылып, толукталып келген бул мыйзам долбоору Орусиянын “чет элдик тыңчы” мыйзамынан көчүрүлүп алынганын журналисттер аныктап чыгышкан

Президент Жапаров коммерциялык эмес уюмдарга эч кандай кысым болбойт дегени менен, Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганы аныкталган мыйзам долбоорунун кесепеттери дагы Орусиядагыдай болорун юристтер эскертип келишет. Анткени, Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын дээрлик баары жабылган. 

Коммерциялык эмес уюмдар билим, ден соолук тармагына дагы каржылык колдоо көрсөтүшөт

Буга чейин, Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” (эл арасында «Чет өлкөлүк өкүл» деп аталган ) мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Анда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мисал катары, калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнүн көп жайылышы айтылып, учурда кургак учук, ВИЧ, рак жана башка илдеттер боюнча коммерциялык уюмдар жарандарга жардам берип келе жатканы белгиленген. Мындан тышкары мыйзамдын кабыл алынышы билим берүү программаларынын жабылышына, адам укуктарынын абалынын начарлашына, өлкөгө келген инвестициялардын кыскарышына алып келиши мүмкүн экени жазылган.

Кайрылуу жолдогондор Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттин өнөктөшү экенин, көйгөйлөрдү жөнгө салууда кызматташып келерин белгилешкен.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда “саясий иш менен алектенген” деген категориянын киришин айыптап, мындай талаптын кириши адам укугуна жана Кыргызстан кол койгон эл аралык резолюцияларга каршы келери жазылган.

Жарандык уюмдардын отчеттуулугу ачык-айкын экенин, алардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мыйзамдагы азыркы талаптар жетиштүү экенин белгилеп, Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана статистика органдарына үзгүлтүксүз отчетторду берип турушарын такташкан.

Жыйынтык: Улуттук банктын талаптарына ылайык, юридикалык тараптар каттоодон өтпөсө банктык эсеп ачтыра албайт. Ошондой эле, Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон жана башка расмий органдарда каттоодон өтүшөт жана аларга ай сайын отчет берип турушат. Демек, Садыр Жапаровдун Фейсбук баракчасында жазганы чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты