Садыр Жапаров жаңы «Ош базарынын» курулушу келерки жылы бүтөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров жаңы Ош базарынын курулушу келерки жылы аяктап, соодагерлер бардык шарттары бар, заманбап базарда иштей баштаарын Фейсбук баракчасына жазды.

“Жаңы Ош базарынын курулуш иштери сапаттуу жана кызуу жүрүүдө. Кудай буюрса келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, бардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла башташат” деп жазды президент Жапаров.

Жаңы автобекет, жаңы Ош базары, турак-жай конуштары жайгаштырылган көп функционалдуу шаар концепциясы иштелип чыккандыгын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын адистери жаңы автобекетти, жаңы Ош базарын, турак жайларды жайгаштыруу менен көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Бул долбоорлонгон шаарча Бишкек шаарынын түндүк тарабында, Сокулук районунун аймагындагы Фучик — Василевский Тракт көчөсүнүн боюнда жайгашат.

Бишкек шаарынын мэриясы мурдатан эле Ош базарын көчүрүү тууралуу айтып келген. Эмилбек Абдыкадыров мэр кезинде Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардан сыртка алып чыгуу долбоорлору иштелип жатканын журналисттерге маалымдаган.

Сүрөт: Бишкек шаар мэриясы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты