Садыр Жапаров Москвага барды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, иш сапары менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.  

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково-2” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мурда айтылгандай, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты